• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Ош базарындагы өрттү өчүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бишкектеги Ош базарынын айланасындагы өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда базарда чыккан өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 12 өрт бөлүмү тартылган.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-январда болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мурда өрттү өчүрүү үчүн 8 бөлүм тартылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Өрттү өчүрүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Окуяны жеринде министр Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт. Министрдин айтымында, өрттүн болжолдуу аянты бир нече миң чарчы метрди түзөт.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий