• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Кыргызстандын аймагында жол оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан лотокторду тазалоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Куршаб – Жалпак-Таш, Мырзаке — Кара-Баткак, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолдорунун сел каптаган жерлеринде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле жолчулар Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Казарман-Арал тилкесиндеги суу өтүүчү түтүкчөлөрдү жана жолго түшкөн таштарды тазалашты.

Муну менен катар Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолундагы жол белгилер жаңыртылып, аялдамалар акталып-сырдалып, айлана иретке келтирилди. Дагы бир катар жолдордо аң-чөнөктөрдү толтуруу жана ага даярдык көрүү иштери жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий