• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте базарлардын аймагындагы унаа токтоочу жайлар иретке келтирилет

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Мадина”, “Дордой” жана “Аламүдүн” базарларынын аймагындагы унаа токтотуучу жайлар муниципалдык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Бул үчүн “Бишкекглавархитектура” ишканасына муниципалдык жер тилкелерин унаа токтотуучу жайга ижарага берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап, ыйгарым укуктуу комиссиянын кароосуна киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине аталган базарларда айдоочулардан кызмат көрсөтүү үчүн акча алып жаткан мыйзамсыз унаа токтотуучу кызматкерлеринин ишин токтотуу тапшырмасы берилди.

Ал эми Милициянын кайгуул кызматына аталган базарлардын аймагында жана аялдамаларда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан тыюу салуу белгилеринин астында башаламан унаа токтотуу иштерин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Аталган маселелер Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновдун “Мадина” соода борборунун аймагындагы унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча көчмө жыйыны учурунда талкууланды. Жыйынга Бишкек унаа токтотмолору жана унаа токтотуучу жайы муниципалдык ишканасынын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ШМБ - 6 райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий