Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, 2020-жылдын 10-август күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.
Пикир
Оставить комментарий