ӨКМ сел жана таш кулоо коркунучу бар тилкелердин тизмесин жарыялады

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-7-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жана таш кулоо коркунучу бар тилкелердин тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети Өгуз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чуй облусунун Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

Республиканын сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн болгон тилкелердин тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133- чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (БООМ капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
  • Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында.

"Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз “112” кызматына жана жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий