• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Стамбулдагы селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок — консулдук

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Түркияда селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү кечинде Стамбулдун Арнавуткөй, Башакшехир жана Күчүкчекмеже райондорунда нөшөрлөгөн жаан селге айланган.

"Азырынча селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул аймакта көп сандаган үйлөрдү жана ишканаларды суу каптап, айрым метро станциялар суу астында калган. Ошол күнү Стамбул аэропортунда каттамдар жана жолдор бир азга жабылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий