• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Экономика министрлиги товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо

Экономика 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тышкы экономикалык иштин катышуучуларына уруксат берүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча “КР Өкмөтүнүн жана министрлер кабинетинин айрым чечимдерине уруксат берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты.

Ведомтвонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул долбоордун алкагында кызматтык жана жарандык курал-жарактарды, алардын негизги бөлүктөрүн жана патрондорун алып келүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү каралууда. Бул тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан түз көзөмөлдү камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган.

Ошону менен бирге адамдын органдарын жана ткандарын, канын жана анын компоненттерин, ошондой эле адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн алып келүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясы Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. Бул сунуш аталган товарлардын өзгөчөлүгүнө жана аларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мүмкүн болушунча тез арада лицензиялоо зарылдыгына байланыштуу.

Ошондой эле, бул долбоордун алкагында уруксат алуу үчүн эксперттик уюм тарабынан арыздарды кароо мөөнөтүн бир топ кыскартуу сунушталууда. Учурдагы 7 жумушчу күндүн ордуна бул мөөнөттү 3 жумушчу күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Бул уруксат берүү процессин тездетип, тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатат.

Бул долбоор президенттин администрациясынын кароосуна коюлуп, анда акыркы чечим кабыл алынат. Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган сунуштарга алардын жол-жоболорду иретке келтирүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнөкөйлөтүү үчүн маанил

Пикир

Оставить комментарий