• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу кепилдиги боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкекте балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу кепилдиги боюнча кеңешме өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жыйында билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө, мектеп жетекчилеринин коррупциялык иштерге аралашпоосу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, жыйында мектептердеги билим берүү сапатын жогорулатуу, ЖРТ, “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгын жакшыртуу боюнча алгылыктуу кадамдар зарылдыгы айтылды.

Жыйынга Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана башка тийиштүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий