• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда ЖККУнун 2023-жылдын аягына чейин пландалган иш-чараларына, анын ичинде Кыргызстандын аймагында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен өтүүчү “Бузулбас боордоштук-2023” биргелешкен машыгуусуна даярдык маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, регионалдык коопсуздуктун, орун алган жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун, Кыргыз Республикасынын ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.

Ошондой эле уюмдун башкы катчысынын Кыргызстандын бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары өттү.

Пикир

Оставить комментарий