• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте «Туура кесип – келечек кепилдиги» форуму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 14.05.22./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Туура кесип — келечектин кепилдиги» форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Мамлекеттик катчы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда калктын 18 пайызын жаштар түзөрүн белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров белгилегендей, жаштар — элдин үмүтү жана ишеними. Жаштар биздин эң негизги жана ажырагыс байлыгыбыз. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн жаштар билимдүү, билимдүү болушу керек. Бул максатка жетүү үчүн кесипти туура тандоо керек. Кесипти туура тандоо ийгиликтин ачкычы», — деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов. Ал келечектеги кесипти тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жооптуу кадам экенин, ага даярдык жана билим, ой жүгүртүүгө убакыт керек экендигин, жеңил ойлуулукка жол бербөө зарылдыгын кошумчалады.

Ал Мамлекет башчысы «Эл үмүтү» стипендиясын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгонун эске салды. Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинети дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерин иштеп чыгууга киришти.

«Азыр дүйнөдө дипломуң барбы же жокпу деп эч ким сурабайт. Биринчиден, жөндөмдүүлүккө карайт. Андыктан жаштар биринчи кезекте кесипти туура тандап алышы керек, бул кесип келечекте аларды багып эле тим болбостон, өнүгүүгө да шарт түзүшү керек», — деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы мындай иш-чаралар өзүнүн оң натыйжасын берип, жаштар кесипти туура тандап, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий