• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ селдердин келип чыгуусунун себептерин атады

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында учурда көп катталып жаткан селдердин келип чыгуусунун себептерин атады.

Анын айтымында, эң негизги себептеринин бири сел суулары агып өтүүчү сайларга курулган көпүрөлөрдүн сыйымдуулугунун төмөндүгү.

"Көпүрөлөр өтө төмөн курулгандыктар, сел агызып келе жаткан бак-дарак, таштар ага такалып, натыйжада сел суусу сайдан ашып, аймактарды каптаган учурлар көп болууда. Ошондой эле дарыялардын сел агып өтүүчү нуктарынын тазаланбаганы, жер кыртышынын дегредацияга учурашы, ички чарбалык көпүрөлөрдүн долбоорсуз курулушу дагы сел жүрүүлөрдү пайда кылууда. Мисалы, жакында эле Ош шаарында сел жүрдү. Ошол жерде Ак-Буура дарыясынын үстүнө 11 көпүрө мыйзамсыз курулган. Учурда алардын баары демонтаждалууда", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, мындан тышкары калктуу конуштарда ирригациялык системалардын өз убагында тазаланбаганы жана дарыянын жээктериндеги кооптуу тилкелерде эс алуу жайлардын курулушу дагы кырсыктардын көп катталуусуна алып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий