• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Кыргыз темир жолунун" башкы директору бекеттерди текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жетекчилик кылган комиссия темир жол бекеттеринин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия ар бир станциянын имараттарынын абалын, кышка карата даярдыктарын, маселен, рельсттин кыйшаюусу, анын чөгүп кетүүсү, рельсттин ортолорундагы аралыктардын бирдей болушу, шпалдардын абалын текшерүүдө.

"Темир жолдогу станциялардын дээрлик баардыгы көмүр отуну менен жылытылат. Андыктан жакын арада ар бир станцияга вагондор менен тиешелүү өлчөмдө көмүр жеткирилип берилет.

Пландуу күз-кышка карата кароонун жыйынтыгында бекеттердин кышка карата даярдыктары жетишээрлик деңгээлде экени белгилүү болду. Ишкананын директору тиешелүү жетекчилерге айрым маселелерди жеринде чечүү тапшырмаларын берди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күз-кышкы текшерүү комиссиянын курамына ишкананын түзүмдүк болүмдөрүнүн жооптуу жетекчилери кирет. Иш-чара 23-24-сентябрь аралыгында Балыкчы, Кант, Токмок жана башка бекеттерде өткөрүлөт. Ушундай эле текшерүү ушул жылдын октябрь айында өлкөнүн түштүгүндө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий