Бишкек, 19-май /Кабар/. 2017-жылдын 19-майында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.
2017-жылдын 19-майына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 15-май күнү телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий