• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бажы төлөмү жок болот: 2019-жылга карата күйүүчү майдын маселеси чечилди

Коом 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Москвада Кыргызстан менен Россия мунай майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимге кол коюшту.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев Россиянын Энергетика министринин орун басары Павел Сорокин менен жолугушкан. Анда 2018-2019-жылдарга Кыргызстандын муңай жана муңай продуктыларын алуу көлөмүн макулдашуу боюнча сөз болгон.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап 2019-жылга муңай заттарын, унаа майларын бажы төлөмү жок жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Эскерте кетсек, 3-декабрда нефтетрейдерлер Россия менен индикативдик балансты макулдашып, тиешелүү документке кол коюшу керектигин айтып, маселе чечилбей жатканын айтышкан болчу. Бул маселе жыл аягына чейин чечилбесе, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан күйүүчү майды пошлина төлөп алууга мажбур болот деп айтылган.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 6-декабрда Кыргызстандын премьер-министринин кийлигишүүсү менен индикативдик баланска эки тараптуу кол коюлду. 2019-жылга карата күйүүчү майдын маселеси чечилди.

Бул келишим, Кыргызстанды күйүүчү май менен туруктуу камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий