Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иш менен алпурушуп жатканы байкалып турат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.
Абылгазиев азыркы өкмөт курамына калктын ишеними кыйла төмөн экенин моюнга алды.
«Азыр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга чейин төмөндөдү, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе", - деди премьер.
Андан тышкары, премьер-министр өз милдетин жөндөй албаган министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринен кутулуп жатканын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий