• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын долбоорунун негизги милдеттеринин бет ачары болду

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын тапшырмасы боюнча КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын Концепциясынын долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери» темасындагы бет ачары өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын негизги максаты – республика аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу. 2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: - аймактарды пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасы; - региондордун экономикасы; - өнүгүүнүн таяныч пункттарын комплекстүү өнүктүрүү (урбанизация); - региондорду директивалык колдоо.

Бетачардын жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары аймактарды өнүктүрүүнүн концептуалдык мазмунун жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштарды беришти.

Айтылган сунуштарды эске алуу менен КР Экономика жана соода министрлиги тарабынан КРнын Регионалдык саясатынын Концепциясын толуктап иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий