• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң-Алайдын 25 жашоочусуна жалпы суммасы 5 млн 89 миң сом камсыздандыруу төлөмү төлөндү

Өкмөт 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен турак-жайынан жабыркагандарга жалпы суммасы 5 млн 89 миң сом камсыздандыруу премиясы төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда, маалымат жыйынында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова маалымдады.

«Бүгүнкү күндө Ош облусунун Чоң-Алай районунда 192 адам өздөрүнүн турак-жайын камсыздандырган. 2017-жылдын май айынын башында орун алган жер титирөөнүн жыйынтыгында биздин 25 кардардын үйлөрү түрдүү даражада кыйроого учураган. Адистер белгиленген үйлөрдө иликтөө иштерин жүргүзүштү. Аны жыйынтыгында камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алынды», – деп билдирди «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова.

Анын берген маалыматына караганда 2017-жылдын 5 айында өлкө боюнча «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» тарабынан 39 жаранга жалпы суммасы 6,6млн сом камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген. 2017-жылдын 5 айында жалпы республика боюнча турак-жайын камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7эсеге көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий