• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өкмөт кыргызстандыктарды 15-апрелде жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргызстандыктарды эртең,15-апрелде өтө турган жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жазга карата даярдыктын алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жыл сайын өтүүчү салтты жаңылап– аймактарда ишмебиликтерди өткөрүүнү тапшырган. Мындай иш чаралардын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундарды мобилизациялоо.

Белгилей кетсек, ыйман-адеп жана маданият жылынын алкагында ишембиликтерди өткөрүү атуулдук сезимдерди ойготуу менен, жалпы жарандардын айлана чөйрөгө болгон камкордугун күчөтүүгө жана эмгекти сыйлоону калыптандырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий