• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Манас» ААК Баткендеги чырда каттамдарды жерде тейлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн бошотту

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Баткен облусуна дарыгерлерди, аскер кызматкерлерин жана жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдарды жерде тейлөө кызматтары үчүн акы төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушун жана куралдуу кагылышууну эске алып, «МЭА» ААК «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактарын 2021-жылдын 29-апрелинен 7-майына чейин «Манас», «Ош», «Баткен» эл аралык аэропортторунда жана «Исфана» аэропортунда жерде кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий