Өкмөт: Пенсияны өз убагында төлөө үчүн бюджетте каражат бар

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Пенсияны өз убагында төлөө үчүн бюджетте каражат бар. Бул тууралуу брифингде КРнын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтуусунда, милдеттенмелер аткарылат. «Мамлекеттик бюджеттин кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөкпул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет», - дейт ал.

Ошондой эле Асрандиев мамлекеттик кызматкерлердин маянасы кармалууда деген маалыматты төгүндөдү.

«Маяна төлөө жагынан эч кандай кармоолор болгон жок. Биз күн сайын көзөмөлдөп турабыз. Эгерде мындай маалымат болсо, анда кайрылуу керек », – деди вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий