• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Өкмөт: Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуусунда санитардык чаралар толук сакталууда

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуусунда тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 2-4-ноябрында Президенттин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары каралган. Сапардын жүрүшүндө жергиликтүү калк менен жолугушуулар орун алып, алар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу ыкчам чечимдерди талап кылган көптөгөн суроолорго жооп алууну көздөшүүдө.

Кеңири форматтагы жолушуулардын жүрүшүндө Садыр Жапаров чекара маселелери жана башка калктын муктаждыктары менен жеринде таанышууда.

Ал алыскы райондордон жеке жолугушуу үчүн келген жарандарды угууда.

Белгилесек, аймак жашоочуларынын көптөгөн көйгөйлөрү узак мезгилдлер бою чечилбей келген жана буга окшогон жолугушуулар өлкө жетекчилигине калктын көйгөйүн жакындан билүүгө шарт түзөт.

Ошол эле укчурда коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларга олуттуу мамиле жасап, аймактарда анын жайылышына бөгөт коюу чараларына басым жасоо керек.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жарандар иш-чаранын алдында коргоочу маскаларды жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды бекер алышууда.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактар боюнча жумушчу сапарынын учурунда жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо боюнча тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий