• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Казакстан чек арасындагы чектөө чараларын күчөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Казакстан мамлекеттик чек арасындагы чектөө чараларын күчөттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болгон). Бул чечим Казакстандын өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.

Ошондой эле 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин КЭР жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.

Пикир

Оставить комментарий