• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. 23-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Пикир

Оставить комментарий