• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Социалдык контракт" долбоорун жалпы катышуучунун 23ү гана ишке ашыра алган эмес — министр

Коом 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. "Социалдык контракт" программасын ишке ашыруунун эки жылдык мезгилинде 13 миңге жакын катышуучулардын ичинен 23 үй-бүлө күтүлбөгөн жагдайлар боюнча өз бизнес-пландарын ишке ашыра алышкан эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликтин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.

Гүлнара Баатырова белгилегендей, өткөн жылы Базар-Коргон, Ноокат, Жети-Өгүз, Сокулук, Сузак жана Талас райондорунда программанын талаптарына ылайык арыз берген адамдарды изилдөө иштери сапаттуу жүргүзүлгөн эмес.

Министр үстүбүздөгү жылы 20 миң жаңы катышуучуну тандоодо даректүүлүгүн күчөтүүнү жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин болтурбоо үчүн региондук деңгээлде комиссиялар тарабынан тандоодо социалдык контракт жөнүндө жобонун талаптарына шайкештигин көзөмөлдөөнү буйруду.

Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, азыркы учурда 83,2 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алышат.

"2022-жылы катышууга 3 762 адам арыз берген, алардын ичинен 2,8 миң үй-бүлө тандалып, алар 100 миң сомдон алышкан. Катышуучулардын ичинен 2596сы аялдар, 414 майыптуулугу бар адамдар. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында 2022-жылы жалпысынан 5521 жумуш орду түзүлгөн.

2023 – жылы 11,2 миң арыздын ичинен 10 миң адам тандалып алынган, алардын 9562си аялдар, 1022си майыптуулугу бар жарандар.

Программанын катышуучуларынын 95% аялдар түзөт, алар негизинен айыл жеринде жашашат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий