• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучун эскертет

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды.

Ведоомствонун билдирүүсүнө караганда, 27синен 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Мырзаке-Кара-
Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115 чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий