• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Өкмөттө Бирдиктүү Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматын уюштуруу боюнча келечек кадамдар талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы астында 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин бирдиктүү Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматын түзүүнү караган Укук коргоо органдар тутумун реформалоо боюнча чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу жаатындагы №1 Чечимдерин ишке ашыруу боюнча келечек кадамдарды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө сот-медициналык эксперттердин ишине байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Тактап айтканда, эксперттик түзүмдөрдү Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин курамынан Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматтын карамагына ырааттуу түрдө өткөрүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

Күтүлгөндөй, 2018-жылдын 1-сентябрына карата Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу бирдиктүү Республикалык сот-медициналык экспертиза борбору анын курамына бардык аймактык сот-медициналык экспертиза подразделениелерин, Республикалык психикалык ден сооолук борборунун эксперттик комиссияларын жана Республикалык наркология борборун кошуу менен түзүлөт.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун штаттык санынын жана курамынын өзгөрүүсүн эске алуу менен максаттуу каржылоону камсыздоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эксперттик ишмердүүлүк маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды талдоо жүргүзүү жана ченемдик-укуктук базаны эксперттик ишмердүүлүк жаатында жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө дал келтирүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тапшырылды.

Кеңешмеде Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлерин Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматына өткөрүүдө алардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында бирдиктүү Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматтын уюштурулушуна байланыштуу маселелерди өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик орган жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий