• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Джунда” заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Джунда” мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында “Джунда” заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилген.

“Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий