• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

66 кыргыз ишканасы ЕАЭБдин бүткүл аймагына өз азыктарын экспорттой алат

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун негизги натыйжалары болуп бажы постторун, өткөрүү пункттарын жабдуу, эмгек мигранттарынын Россияда жана Казакстанда болуу шарттарын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын лабораторияларын жана сертификаттоо боюнча органдарын ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн жабдуу саналат.

ЕАЭБдин талаптарына ылайык чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык посттор модернизацияланды.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын 38 аккредиттелген лабораториясы жана сертификаттоо боюнча 16 органы ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген, алар документтерди берет жана ЕАЭБдин бүткүл аймагында бирдей укукта таанылат.

2018-жылдын аягында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын) аймагына товарларды чыгара ала турган Ишканалардын реестрине 66 кыргыз ишканасы киргизилген.

ЕАЭБдин техникалык регламенттерине өткөрүлдү. 2018-жылдын 1-январына республиканын аймагында ББдин (ЕАЭБ) 45 техникалык регламенти толугу менен күчүнө кирген.

2018-жылы 4 өткөрүү пункту жабдылган, алар: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» (4,5 млн доллар) жана 7 ветеринардык-контролдоо өткөрүү пункту жабдылган, алар: «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл Бел», «Кара-суу» т/ж, «Манас» жана «Ош» аэропорттору, 5 автомобилдик жана 4 темир жол өткөрүү пункту реконструкциялоо стадиясында турат. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен 8 өткөрүү пунктун куруу жана жабдуу боюнча иштер кошумча жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий