Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүгүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты капиталдык ондоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

“Мындан үч ай мурда башталган ондоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, кызматкерлер жаңы жылдагы алгачкы жумуш күнүн жаңы имаратта башташты. Мындан 40 жыл мурда пайдаланууга берилген бул имарат биринчи жолу капиталдык ондоп-түзөөдөн өтүп, аппараттын кызматкерлери үчүн заман талабына ылайык, ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Оңдоо иштеринин алкагында имараттын эшик-терезелери, чатыры толугу менен алмашылып, сырты, жылуулук жана канализация системалары оңдолду. Ошондой эле эмеректер менен техникалык жабдуулар жаңыланды”,- деп баса бегиледи ал.

Учурда имараттын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий