Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров билдирди.
“Учурдагы кырдаалга байланыштуу эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Убактылуу ушул бойдон калат, алдыда сөзсүз түрдө өзгөртөбүз”, - деди Жапаров.
Ал кошумчалагандай, коалиция өкмөттүн программасын 6-октябрда бекиткен.
Пикир
Оставить комментарий