• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ӨКМ уран казылган аймактарды эл аралык стандартка ылайык рекультивациялоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский менен Нарын облусунун Миң-Куш айылына жумушчу сапары менен барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын алкагында тараптар уран өндүрүшүнүн мурунку объектилериндеги рекультивациялык иштердин жүрүшү менен таанышышты.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, МАГАТЭ тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо.

Учурда "Как" жана "Талды-Булак" калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми "Туюк-Суу" сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды.

"Биздин аракеттерибиз узак мөөнөттүү коопсуздукка жана экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багытталган. Эң негизгиси бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө", – деди министр.

"Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский да жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий