• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине конгон тик учак боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине конгон тик учак боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомстводон белгилешкендей, күн мурун, 25-июлда Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор Airbus-145 тик учагын ижарага алып учушкан.

"17-июлда түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн. Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурун социалдык тармактарда пансионаттардын бирине конгон тик учак тартылган видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Пикир

Оставить комментарий