Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды пиротехникаларды колдонууда этият болууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы жылдык майрамдарда пиротехниканы туура эмес колдонуу жаракаттарга жана кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Коопсуздук эрежелери:
- расмий дүкөндөрдөн гана пиротехникалык каражаттарды сатып алыңыз;
- балдарга пиротехниканы колдонууга тыюу салуу керек;
- пиротехниканы турак жайлардан жана эл көп чогулган жерлерден алыс колдонуңуз;
- көрсөтмөлөрдү так аткарыңыз.
Эгер жаракат алсаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз.
Пикир
Оставить комментарий