• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Жети-Өгүз районунда күндүзгү стационардык орундар ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда күндүзгү стационардык орундар ачылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Республикалык штабтын койгон тапшырмасына ылайык жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Гапаров мектебинин спорт комплексинде 100 орундуу күндүзгү стационар ачылды. Бул жерде саламаттыгына байланыштуу жардам сурап кайрылган жарандар тейленет.

Пикир

Оставить комментарий