Жыл башынан бери Лейлек районунда жол эрежесин бузган 675 айдоочуга айып салынган

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Жыл башынан бери Лейлек районунда жол эрежесин бузган 675 айдоочуга айып салынган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Исфана шаарында милиция эл алдына чыгып, бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын берген эле.

"Ошондо жыйынга чогулган эл Исфана шаар аймагында жол тыгындарын азайтуу, айрыкча шаар борборундагы базардын айланасында автоунаалар иретсиз коюлуп, жол тыгындарын пайда кылып, жөө жүргүнчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратканын айтып арызданышкан", - деп айтылат маалыматта.

Элдин кайрылуусунан кийин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери күн сайын борбордук базардын айланасындагы иретсиз коюлган автоунааларды көзөмөлдөп, жол тыгындарын азайтууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун бузган 675 айдоочуга КРнын Бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар салынган.

Пикир

Оставить комментарий