• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ жыл башынан бери селден канча объект жабыркаганын айтып берди

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жыл башынан бери сел кырсыгынан жабыркаган объектилер тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталып, 4 миң 551 турак жайды, 68 социалдык объектини, 568 гектар айдоо аянтын жана 404 чакырым унаа жолун сел суулары каптаган. Ошондой эле 869 ар түрдүү мал-жандыкты, 69 ички чарбалык көпүрөнү агызып, 87 унаа жабыркаган.

"Натыйжада 76 турак жай авариялык абалга келип, 86сы үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Жалпысынан селдин кесепеттерин жоюуга 6 миң 399 куткаруулар, кызматкерлер жана жергимликтүү калк жана 1067 инженердик техника тартылып, 4 миң 302 турак үй, 68 социалдык объект, 85 чакырым арык жана каналдар, 400 чакырым жолдор сел калдыктарынан тазаланды", - деди ал.

Ал белгилегендей, Ош шаарындагы жана Базар-Коргон районундагы акыркы сел каптоолорду эске албаганда, келтирилген чыгып 1,1 млрд сомго жеткен.

Пикир

Оставить комментарий