• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Иманкулов: Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу буйругун укпай жатты

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу боюнча буйругун укпай жатты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жеке өзү Дүйшөмбүдөгү кесиптештери менен бир катар сүйлөшүү өткөргөнүн айтат.

“Мен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына эки жолу чалып, ок атууну токтотууну талап кылгам. Алар ок атууну токтотуу боюнча буйрук берилгенин ишендиришти. Ага карабай, жеринде аткылоо күчөп, өздөрүнүн жетекчилеринин буйругун укпай жатты. Бизден дагы суранышкандан кийин биз дагы аткылоону токтотконбуз. Кыргыз чек арачылар жооп катары гана ок чыгарышты, бул зарыл болгон гана чара. Биздикилер жарандык инфратүзүмгө, жергиликтүү калкка бир дагы ок аткан эмес. Тажик тарап каалаган тарапка ок чыгарып, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча аткылашкан”, - дейт Иманкулов.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 163 адам жабыркады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын 19-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий