• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.22./Кабар/. Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлгөндүгүн ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

«Борбор калаабыздын чок ортосунда салынып жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий