• 87
  • 90.55
  • 0.84

ӨКМдин Оштогу башкармалыгынын өздүк курамы алгачкы жардам көрсөтүү боюнча билимдерин жогорулатышты

Аймак 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы алгачкы жардам көрсөтүү боюнча билимдерин жогорулатышты. Бул тууралу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругун аткаруу максатында, ошондой эле башкармалыктын өздүк курамынын алгачкы жардам көрсөтүү жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамына пандемия учурунда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуу план графиги бекитилген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган окутуу графигинин негизинде 2020-жылдын 22-октябрынан баштап, 2020-жылдын 5-ноябрына чейин КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн, куткаруу кызматынын өздүк курамдарын пандемия учурунда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуулар жүргүзүлдү.

Окуу Кыргыз Республикасыныны Улуттук Кызыл ай коомунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий