• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Садыр Жапаровдун өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапары менен барып келди, - деп айтылат өкмөттүн расмий сайтында

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-ноябрында Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды. Анын алкагында инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышты. Ошондой эле Баткен облусунун эли менен жолугушту.

2020-жылдын 3-ноябрында Ош облусунун эли менен жолугуп, коррупцияга каршы күрөш, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана башка темалар боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эли менен жолугуп, анда конституциялык реформа, чек ара маселелерин чечүү, өлкөнү өнүктүрүү жолдору боюнча сөз болду.

2020-жылдын 4-ноябрында Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» кениндеги абалды жеринен көрдү. Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушуп, жер казынасын пайдалануу боюнча элдин суроолоруна жооп берди.

Муну менен катар Президенттин милдетин аткаруучу Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан соң Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл көтөргөн маселелерди чечүү үчүн тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий