• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дээрлик 20 миң сом уурдап кеткен. Бишкекте 19 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкекте 19 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-ноябрда болжол менен саат 06:40 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына уурулук фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Чакыруу боюнча Тоголок Молдо көчөсүнө милиция кызматкерлери келишкен. 28 жаштагы Т.М. аттуу кыз арыз жазып, анда аталган көчөдө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде белгисиз кыз анын 18 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы С.В. аттуу кыз кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү кыз Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий