• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Маданият жана искусство университетинде 2 жылдык жогорку адабий курс ачылды

Билим 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасы менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган 2 жылдык жогорку курс ачылды. Ал кыргыз кесипкөй адабиятынын 100 жылдыгын утурлай түзүлгөн.

Курска адабиятка кызыккан, жогорку жана кесиптик орто билими бар бардык каалоочулар окуй алышат. Азыркы тапта кабыл алуу өнөктүгү башталды. Жогорку курста жазуучулуктун, котормочулуктун сырлары үйрөтүлөт жана кыргыз фольклору терең окутулат. Ошондой эле академик, профессорлордун, практик акын-жазуучулардын лекциялары, мастер класстар, машыгуу сабактары, талкуулар, жолугушуулар, конок лекциялары өткөрүлүп турат.

Каалоочулар төмөндөгү байланыш телефон номерине кайрылса болот: 0990 556 375 0700 378 811

Пикир

Оставить комментарий