• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

КМШ оюндары. Кыргызстандык мушкер Эмир Кылычбеков коло медалга татыды

Спорт 0

Орша, 11.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Эмир Кылычбеков Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга татыды.

Бокс боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустан Орша шаарында өтүүдө.

Эмир Кылычбеков 57 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште түркмөн мушкерин жеңген. Бирок, жарым финалдык беттеште беларусь мушкерине утулуп, коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык 3 мушкер финалга чыккан. 12-августта спортчулар алтын үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий