• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук районунда баңгизат сатууну көздөгөн шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Сокулук районунда "гашиш" баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республиканын түштүк аймактарынан Чүй облусуна баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын жоюу боюнча узакка созулган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жаранды аныкташты.

Тактап айтканда, 21-июлунда Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. шектүү жаран кармалып, анын жанынан жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түзгөн баңгизат табылган.

Кармалган жаранмыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий