• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КМШ ПААнын жыйынында орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролу талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйынында орус тилинин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролу талкууланды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумду алып барып жаткан КМШ ПАА Кеңешинин төрайымы, Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко 2023-жыл КМШда орус тили жылы деп жарыяланганын белгилеп, бул багытта КМШ ПААнын алкагында жасалып жаткан иш-аракеттерге токтолду.

Жыйында сөз алган Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев алгач, КМШ ПААнын күзгү сессиясын Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Маулен Ашимбаев КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде орус тилинин өзгөчө ролун атап, аны колдонгондорду дүйнөлүк адабиятка, тактап айтканда Пушкиндин, Толстойдун чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк ачарын кошумчалады. “Казакстанда орус тили маанилүү ролду ээлеп, азыркы учурда өлкө аймагындагы мектептерде дагы орус тилиндеги сабактар өтүлүп келет. Ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен орус тилин колдогон эл аралык уюм түзүү чечими кабыл алынган. Бул уюм иштиктүү жана эффективдүү иш алып барат деген ишеничтемин», - деди Маулен Ашимбаев.

Ал эми Тажикстан Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали Тажикстан биринчилерден болуп чет тилдерин, анын ичинде орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча мамлекеттик программаны мыйзам деңгээлинде бекиткенин белгилеп: “Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында орус тилине милдеттүү предмет статусу бекитилген, ал өлкөнүн бардык жалпы билим берүүчү мектептеринде экинчи класстан баштап окутулат” – деди ал.

Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева көп улутту Өзбекстанда билим берүү мекемелеринде эки тилдүү окуу программасы жүргүзүлөрүн, негизинен өлкө соңку жылдары көп түрдүүлүк саясатына жогору маани берилип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий