• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык студент эл аралык сынакта II даражадагы дипломго ээ болду

Билим 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. КМШ студенттеринин эл аралык сынагында кыргызстандык студент Байел Ырысбаев II даражадагы дипломго ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министр Уланбек Мамбетакунов Байел Ырысбаевди билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы үчүн II даражадагы “Мыкты студент – 2022” дипломун жана “КМШнын мыкты студенти” төш ​​белгисин алышы менен куттуктап, белек тапшырып, окуусуна ийгиликтерди каалады.

Кошумчалай кетсек, сынакты “Бобек” Улуттук кыймылы” бирикмеси түрүндөгү юридикалык жактардын коомдук бирикмеси уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий