• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Кыргызстанда ЖРТга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүрүүдө

Билим 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоого жетишпей калган жарандар үчүн кошумча каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле бүгүн тестирлөөнүн экинчи этабы үчүн тест борборлору даярдалууда.

Белгилей кетсек, тестирлөөнүн биринчи этабы 2023-жылдын 20-21-май күндөрү болуп өттү. Ал эми 23-24-май күндөрү тестирлөөнүн экинчи этабы өтөт.

Үчүнчү этап 2023-жылдын 23-24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө болот.

Пикир

Оставить комментарий