• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

КМУда “Ак илбирсти коргоо күнүнө” арналган кереге отурум өттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу" аталышында мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгаруучу аземге арналган кереге отуруму өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, “Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)” коомдук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын жана International Snow Leopard Trust Илбирсти Коргоо уюмунун өкүлдөрү жана КМУнун окутуучулары катышты.

Кереге отурумдун алкагында сүрөт сынагынын женүүчүлөрүнө диплом, ыраазычылык кат жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, I-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 7-ж классынын окуучусу Жакыпбекова Айдана, II-даражадагы дипломго Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин 7-г классынын окуучусу Кубанычбекова Дария жана III-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 6-e классынын окуучусу Бейшекoва Айхан ээ болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан даярдалган "Илбирс сулуу, аярлуу" темасында эколог Алтын Казакбаева презентация жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Ак илбирс” квести орун алып, ал ак илбирстин жашоосун, экосистемадагы ролун жана коргоо маселелерин изилдөө максатында уюштурулганын белгиленди.

Квесттин соңунда катышуучулар өз таасирлерин жана жаңы билгендерин бөлүшүп, илбирс жана аны коргоого байланыштуу иш-аракеттер тууралуу талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий