• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Бишкекасфальтсервис" Ала-Арча капчыгайына кеткен жолдогу кемчиликтерди жоюуда

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери Орок айылындагы Ала-Арча капчыгайына кеткен жолдогу кемчиликтерди жоюуда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле ишкана тарабынан жолдун эки тарабына сугат лотоктору орнотулду.

Бүгүнкү күндө жолдун жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метр, тротуар 2 метрди түзөт. Ошондой эле эки жерге шлагбаумдар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий