• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргыз мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата “Илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жана келечеги” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.

Жогорку окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага ректор Айгүл Абдраева, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошов, окумуштуулар жана эксперттер катышты.

Конференция илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, инновацияларды илгерилетүү жана билим берүү тармагындагы жаңы илимий жетишкендиктерди талкуулоого багытталган.

Пленардык бөлүмдө илимий баяндамалар жасалып, кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу куралдарын түзүү, билим берүү боюнча методикалык негиздерди өркүндөтүү жана биоактивдүү нанометаллдарды синтездөө боюнча илимий маселелер талкууланды.

Иш-чаранын алкагында илимий-изилдөө долбоорлорунун көргөзмөсү да уюштурулду.

Ошондой эле конференцияда Илим күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамотасы жана “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен И.Арабаев атындагы КМУнун бир катар профессордук-окутуучулар курамы сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий